Бишкек шаарынын мэриясында Бишкек жана Баткен шаарынын ишкерлеринин онлайн бизнес жолугушуусу өттү. Иш-чараны Бишкек жана Баткен шаарларынын мэриялары уюштуруп, ага Венгрия-Кыргыз жана Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонддорунун, Кепилдик фондунун өкүлдөрү, Бишкек жана Баткен шаарларындагы кичи жана орто бизнестин ишкерлери катышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 29-июнундагы № 201 тескемеси менен Бишкек шаарынын мэриясына Баткен шаарынын мэриясына кураторлук кылуу жүктөлгөн.

Жогоруда аталган тескемени аткаруунун алкагында Бишкек шаарынын мэри Э.М. Абдыкадыров Баткен шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын иш-чаралар планын бекиткен, мында Баткен жана Бишкек шаарларынын ишкерлеринин катышуусунда биргелешкен форумдарды өткөрүү, жергиликтүү жана чет элдик инвесторлорду тартуу каралган.

Аталган жолугушуу Баткен облусун тездетилген социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, элдин жашоо шартын жана сапатын жогорулатуу, Баткен шаарынын мэриясы тарабынан Баткен ишкерлерине долбоорлорду илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган.

Жолугушууну Баткен шаарынын мэринин биринчи орун басары                       Орозов А. жана Бишкек шаарынын мэриясынан Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин директору Молдокулов К. Ачып беришти.

Онлайн бизнес жолугушуу эки бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жана Кепилдик фондунун өкүлдөрү баяндама жасашты. Алар жолугушуунун катышуучуларын фонддордун ишмердүүлүгү, алардын артыкчылыктуу багыттары, каржылоо критерийлери жана ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен тааныштырышты.

Экинчи бөлүктө, Баткендик ишкер Баткен облусунда заманбап ирригациялык тутумун киргизүү жөнүндө долбоору менен тааныштырды.

Бизнес-жолугушуунун аягында мындай иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүү, Баткен ишкерлери үчүн бизнес-пландарды түзүүгө жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле Бишкек жана Баткен ишкерлеринин ортосунда биргелешкен бизнес-долбоорлорду илгерилетүү жана өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууларга жетишилди.