Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмаларын жана райондордогу жарандардын кайрылууларын аткаруунун алкагында Бишкек шаарынын архитектуралык-көркөм жана эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу иштери улантылууда.

Биринчи май районунда турак жайлардын фасаддарын сырдоо иштери башталды.

Манас проспектиси № 47, 49, 57, Ч.Айтматов пр. № 18 даректеринде  жумуштар бүткөрүлдү.

Белгилей кетсек, колдоо «Кантрсой Сервисплюс» ЖЧКсы, Элит Хаус курулуш компаниялары тарабынан көрсөтүлгөн.

Ошону менен бирге, Манас проспектисинин Жибек-Жолудан Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө акимчилик Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы менен биргеликте муниципалдык аймакка кирген кирүү топторун жана тепкичтерин текшерүүгө алды.

Жыйынтыгында мыйзам бузуулар менен 52 объекти аныкталып, алардын 47си демонтаждалган, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттердин ээлери менен архитектуралык эрежелердин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул багыттар боюнча иштер улантылууда.

Борбор калаанын мэриясы борбор калаанын имараттарынын тышкы көрүнүшүн жакшыртууга кошкон салымы үчүн шаардыктарга, ишкерлерге, уюмдарга ыраазычылык билдирет.