«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын жамааты түштүк магистралда  Байтик баатыр көчөсүнөн Тыналиев көчөсүнө чейинки жолдун жээгиндеги отургучтарды оңдоо жана сырдоо иштерин баштады.

Жалпысынан бул аймакта 112 отургучту оңдоо жана сырдоо планы бар. Иш процесси жүрүп жаткан учурда, урматтуу шаардыктар, отургучтарга этияттык менен отурууну суранабыз.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Муниципалдык менчикке кам көрүп, шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлооңуздарды суранабыз.