Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков тротуарлардын капиталдык курулушу менен таанышты.
Учурда төмөмөнкү даректердеги тротуарларды капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат:
-Чүй проспекти Осмонкул көчөсүнөн Гоголь көчөсүнө чейин (түштүк жагы), узундугу 440 метр;
-Чүй пропекти Курманжан Датка көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейин(түндүк тарабы), узундугу 870 метр;
-Абдрахманов көчөсү Жумабек көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин (чыгыш тарабы), узундугу 160 метр. Текшерүүнүн жүрүшүндө башчы муниципалдык аймакка кирген чарбалык объектилердин кире бериш топторун демонтаждоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Буга чейин чарбалык субъектилердин ээлерине уруксатсыз курулган чарбалык объектилерин демантаждоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Бүгүнкү күндө Чүй проспектисинин боюндагы тротуарды капиталдык куруу иштери башталды.
Ошондой эле, башчы Чыгыш автобекетинин жанындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөгү оңдоо иштери менен таанышып, «Бишкекасфальтсервис»муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине таман таштарды төшөө иштерин жакынкы аралыкта бүтүрүүнү тапшырды.
Андан соң капиталдык оңдоодон өтүп жаткан Менделеев көчөсүн текшерди.