«Айданек» турмуштук оор кырдаалда турган балдарды реинтеграциялоо борборунун балдары жайкы укук мектебине катышат.
Иш-чара Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында жайгашкан "Алтын-Кум" пансионатында өтөт.
Бул демилге турмуштук оор кырдаалда турган балдарды колдоо менен алектенген "Оэйсис" коомдук кайрымдуулук фондунун колдоосу менен өтүүдө.
Фонд иш-чаранын катышуучуларын Ысык-Көл областында үч күн бою коштоп жүрүү үчүн аярлуу жаштар менен иштөө тажрыйбасы бар насаатчыларды камсыздады.
Ошондой эле, ЖЖЖККБ тарабынан балдарды аталган иш-чара өтүүчү жерге чейин транспорттук коштоо уюштурулду.
Жайкы укуктук мектеп катышуучуларга укук тармагында билим алуу жана жөндөмдөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Программанын алкагында балдардын укуктары жана милдеттери боюнча укуктук сабаттуулугун жана маалымдуулугун жогорулатууга багытталган ар кандай тренингдер, семинарлар жана практикалык машыгуулар өткөрүлөт.
Катышуучулар ошондой эле турмуштук кырдаалга окшош башка балдар менен тажрыйба алмашып, жаңы достук мамилелерди түзө алышат.