Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти ижарачыларга 2023-жылдын 2-кварталы үчүн өз убагында төлөө зарылдыгын эскертет.

Туумдарды кошпоо үчүн июнь айынын аягына чейин төлөм жүргүзүүнү сунуштайбыз.

Белгилей кетсек, төлөм "РСК Банк"ачык акционердик коомунун бардык филиалдарында жүргүзүлөт.

Суроолоруңуз болсо, кеңеш алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылсаңыз болот: Чокморов көчөсү, 246 (10-кабинет).

Ошондой эле төмөнкү номерлерге чалсаңыз болот:

* Ленин району - 0312 97 91 95 (кошумча 4213);
* Биринчи май району - 0312 97 91 95 (кошумча 4215);
* Свердлов району - 0312 97 91 95 (кошумча 4216);
* Октябрь району - 0312 97 91 95 ( кошумча 4211).