Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору!

Кадырлуу мусулман  бир туугандар!

Баардыгыңыздарды  мусулмандардын эң ыйык майрамы болгон –  Курман  айт майрамыңыздар  менен Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден  куттуктаймын!

Курман айт – эзелтен ушул күнгө чейин элибиздин биримдиги менен достугун бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган майрам болуп белгиленип келет.

 Ушул күндөрү бардык мусулмандар сооптуу иш-аракеттерди жасап, келечекке жакшы максаттарды ниет кылып, Жаратканга жакшы үмүт-тилектери менен кайрылышат.

Барга топук, азга каниет кылып, тазалык жана мээримдүүлүк менен жашоого, жалпы эле адамзаттын улуу парздарын аткарууга үндөгөн тарбиясы менен маанилүү болгон бул майрамдын маани-маңызы жана орду  мусулмандар үчүн өзгөчө. 

Курман айт майрамы күнү - курмандык чалуу амалдарын кылып, башкалар менен бөлүшүп, бир туугандык байланыштарыбызды күчөтүп, биримдигибизди арттырып, аны менен бирге  мээримдүүлүгүбүздү, боорукерлигибизди, берешендигибизди көрсөтө алабыз.

Ушул ыйык күндө - баарыңыздардын ой-тилек, максаттарыңыздар орундалып, ар бир үй-бүлөгө жакшылык жана бакубатчылыкты, мекенибизге биримдикти жана тынчтыкты алып келсин деген тилегимди билдиремин.

Эл ичинде ынтымак, жергебизде бейпилдик болсо, адамдардын жан дүйнөсү арууланып тазарса, жакшы иштер менен бирге Кыргызстаныбызда,  анын борбору  Бишкек шаарында өсүп - өнүгүүлөр болот деген терең ишеничтемин. 

Курман айт - жан дүйнөбүзгө аруулукту, үй-бүлөбүзгө бакыт-таалай, кубаныч менен сүйүнүчтү, өлкөбүзгө тынчтык жана ынтымакты алып келсин.  

Курман айтыңыздар маарек болсун!