Свердлов акимиатында үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын жүрүм-турумун өзгөртүү жана зомбулуктун кайталанышына жол бербөө боюнча түзөтүү программасын ишке ашыруу боюнча жыйын өттү.
Жыйынга жетекчинин орун басары Асел Садыкова, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, «Шанс» кризистик борборунун директору жана башка тиешелүү кызматтардын жетекчилери катышты.
Жыйындын жыйынтыгында үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү багытында биргелешкен иштерди күчөтүү чечими кабыл алынды. Бул адамдар жүрүм-турумун оңдоо жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун кайталануучу учурларын болтурбоо үчүн психологдор тарабынан маектешүүдөн өтүшөт.
Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын жакындарына консультация жана психологиялык жардам көрсөтүлөт.