Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү орус тилдүү муниципалдык кызматкерлер үчүн 4 айлык “Кыргыз тилин үйрөнөбүз” деген аталыштагы жана жалпы муниципалдык кызматчылар үчүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча "Иштиктүү кыргыз тили" деген темада окуу курстарды өткөрдү.
Кызматкерлер кыргыз тилин А1, А2, В1, В2 деңгээлдери боюнча үйрөнүштү жана мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу "Кыргызтест" тестин тапшырууга даярдык көрүштү.
Бул окуу курстар “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 6-июлундагы № 116 “Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруунун алкагында өтүлдү.