«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан оңдолуп жаткан жолдорго пресс-тур өткөрүлдү.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү  көчөлөрдү оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ленск  көчөсүндө Фучик көчөсүнөн ЧЧКга чейинки аралыкта иштер жүргүзүлүп,  бордюрлар орнотулууда. Буга чейин ирригация системасы орнотулган. Учурда жерди тегиздөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул көчөнүн жалпы узундугу 1050 погон метрди түзөт.

Юнусалиев көчөсүн бойлой Ахунбаев көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейин жалпы узундугу 1600 погондук метрди түзгөн жерге асфальт төшөөгө даярдык иштери жүрүп жатат. Ушул эле көчөнүн Ахунбаев көчөсүнөн Донецкий көчөсүнө чейинки тилкесине асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери аяктады.

Ошондой эле,  Сухэ-Батор көчөсүн бойлой Каралаев көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейинки 1458 погон метр  тротуарга бордюрлар орнотулууда. Буга чейин ирригация системасы орнотулган.

Орозбеков көчөсүн бойлой Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин жолдун жээгине асфальт-бетон аралашмасынын биринчи катмары төшөлүп, бүгүнкү күндө тротуардын негизин даярдоо иштери жүрүп жатат.