Туризм академиясында Бишкек шаарынын мэринин Свердлов районунун кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары менен жолугушуусу өткөрүлдү.
Жыйынга ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары, шаардык кызматтардын жана борбор калаанын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын жетекчилери, Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков, укук коргоо органдарынын жана жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда мэр Свердлов районунун тургундарына быйылкы жылы аткарылган жана пландалган иштер тууралуу маалымат берди.
Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, тургундар таштандыларды чыгаруу, жол оңдоо, тротуарларды куруу, дренаждык түйүндөрдү тазалоо жана турак жайларды газдаштыруу боюнча суроолорун беришти.
Мэр борбор калаанын бюджетин түзүүнүн форматтарын жана титулдук тизмени түшүндүрүп, жолдорду, тротуарларды оңдоо, канализацияларды, социалдык объектилерди куруу, районду көрктөндүрүү, жалпы пайдалануучу жайларды санитардык жактан тейлөө, жана башка маселелерге токтолду.
Бардык түшкөн кайрылуулардын негизинде Бишкек шаарынын мэри шаардык кызматтардын жетекчилерине маселелерди өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырмасын берип, протоколго киргизди.