Свердлов районунун акимиаты районду санитардык тазалоо кызматына аутсорсингге тендер жарыялады.

Тиешелүү жарыя мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.

Сатып алуу ыкмасы – чектелбеген ыкма, тендердик баалоо ыкмасы - стандарттык баалоо.

Пландалган сумма 31 млн 888 миң 750 сомду түзөт.

Жеткирүүчүлөрдүн сунуштары 2023-жылдын 6-июлуна чейин саат 13:00гө чейин кабыл алынат.

Ишти бүтүрүү мөөнөтү келишим түзүлгөндөн кийин 2023-жылдын 6 ай бою.