Борбор калаадагы мектептердин директорлору, ошондой эле акимиаттын кызматкерлери ololo Planet компаниясына барышты.
Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиевдин демилгеси менен борбор калаанын мектептеринин директорлору, ошондой эле акимчиликтин кызматкерлери Борбор Азиядагы эң ири коворкинг ололо компания тобуна барышты.
Иш сапардын максаты - жаңы креативдүү идеяларды алуу жана аларды муниципалдык кызматта колдонуу.
Кызматкерлерге коворкинг аянтын кыдыруу жакты, шаар мектептери үчүн бир нече идеялар жаралды.
Мындан тышкары кеңсенин бир кабатынын дубалына “Тазалык” МИнын эки кызматкеринин портреттери илингени көңүл бурдурду, алар адаттан тышкары, мурда аялдамаларда чыпталып турган кагаз жарнактар менен тартылган.
Коворкингде креативдүү жана таланттуу адамдар иштешет, алар mashina.kg, bazar.kg, house.kg жана башка көптөгөн компанияларды түзүшкөн.
OloloPlanet чыгармачыл хаб концепциясы: биринчи кабат сууну, экинчи кабат жерди, үчүнчүсү токойду, төртүнчү жана бешинчи кабат асманды билдирет. Имарат биздин планетаны сүрөттөйт.
Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлөт.