Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы борбор калаанын эстетикалык көркүн жакшыртуу максатында Манас проспектисинин боюндагы кире бериш топторду бузуу иштерин жүргүздү.

Башкармалыктын кызматкерлери Ленин районунун акимиатынын кызматкерлери  жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчулары менен биргеликте жеринде иш алып барышууда.

Бүгүнкү күндө Манас проспектисинин 40 дарегинде бузуу иштери жүрүп жатат, жалпы аянты 20 чарчы метрди түзгөн үч кире бериш топ жана бастырмалар алынды.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Сиздерден объектиңиздерди «Бишкекбашкыархитектура» ММнын фасаддардагы маалыматтык структуралардын макетине ылайык иретке келтирип коюңуздар суранабыз!