Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Биринчи май районунда тышкы жарнамаларды иретке келтирүү боюнча кезектеги рейдди өткөрдү.
Алсак, жарнама конструкцияларга демонтаж иши Фучик көчөсүндө Жибек Жолу проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейин жүргүзүлдү. Иштин жүрүшүндө латын арибинде жазылган жарнамалык структуралар демонтаждалды жана 22ден ашык жарнамалык баннер жана 2 жарнамалык такта алынды.
Буга чейин комиссия жарнаманы жайгаштыруу эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, билдирүүлөрдү тараткан.
Текшерүүлөр шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнама маалыматтын мамлекеттик тилдеги тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, ошондой эле шаардын сырткы жарнамаларын жайгаштыруу жана пайдаланууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.