Свердлов акимиатынын жыйындар залында Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков менен Чүй проспектисинин боюнда жайгашкан чарбалык субъектилердин ээлеринин жолугушуусу өттү.
Жыйында Чүй проспектисинин боюндагы Осмокулов көчөсүнөн Суүйүмбаев көчөсүнө чейин тротуарды капиталдык оңдоодон өткөрүүгө тоскоол болуп жаткан чарба субъекттеринин кирүү топторун алуу маселелери талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө чарба жүргүзүүчү субъектилердин ээлери бир жуманын ичинде кирүү топторду бир сапка келтирип, муниципалдык аймакка кирген кире бериш топтордун конструкцияларын жана алардын тосмолорун демонтаждоо милдетин алышты.