Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында муниципалитетте пландык кеңешме өттү.

Жыйындын жүрүшүндө борбор калаанын мэри «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын башчысы Таалайбек Орозовго жана Ленин районунун акими Мураталы Тагаевге таза суу менен камсыздоо иштерин туура эмес жүргүзгөндүгү үчүн сөгүш жарыялады.

Кеңешменин жыйынтыгында мэр орун басарларына жана шаардык кызматтардын жооптуу жетекчилерине скважиналарды бургулоо, жолдорду жана тротуарларды куруу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басарына райондук билим берүү борборлорунун жетекчилерин ротациялоо тапшырмасы берилди. Билим берүү департаментине билим берүү уюмдары үчүн «Бишкекнабайкана» муниципалдык ишканасынан нан азыктарын сатып алуу сунушун карап чыгуу жана киргизүү тапшырылды.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директоруна иштен чыккан автобустарды эсептен чыгарууну аяктоо, ошондой эле, «Бишкек шаарынын жол-транспорттук тутумун өнүктүрүү концепциясы» долбоорунун үчүнчү этабын ишке ашыруунун алкагында транспорттук түйүндөрдү курууну баштоо милдеттендирилди.

Мэрдин биринчи орун басарына Санариптик технологиялар борборунун ишин талдоо, райондордун башчыларына курулуп жаткан объектилердин тосмолорунун сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, аймактарын көрктөндүрүүнү иретке келтирүү тапшырмасы берилди.

Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директоруна автоматташтырылган унаа токтотуучу жайларды уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүү, жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын начальнигине мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо үчүн зарыл болгон атайын техниканы сатып алуу боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.