Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Сабира Өжөрбаеванын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына, кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат

Өжөрбаева Сабира 65 жашында геморрагиялык инсульттан каза болду.

Бул №77 орто мектептин жамааты, ата-энелер коомчулугу жана окуучулар үчүн чоң жоготуу. Ал өз ишин билген, балдарын сүйгөн, мыкты мугалим.

Биз анын үй-бүлөсү, кесиптештери жана достору менен орду толгус жоготуунун азабын жана кайгысын бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун...