“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 22-июнда саат 09:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү даректердеги  турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине жана өнөр жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат.
Өчүрүү  аймагы:  «Кыргызстан-1» конушунун Кырман көчөсү, Кожомкул көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин, Ч.Айтматов проспектисинин батыш тарабынан Кожомкул көчөсүнө чейин, ошондой эле Манас айылы.
ВДНХдагы диаметри 300 мм жана 200 мм суу түтүктөрүн  оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу суу токтотулат.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын  суранат.