ЖМКларда жана социалдык тармактарда nurbekova___s аттуу колдонуучу Ынтымак паркындагы  амфитеатрга жазуу калтырып, вандализм аракетин жасаган  видео чыккан.

Кийинчерээк кыз борбор шаарыбызды күн сайын көрктөндүрүп жаткан шаардык кызматтардан кечирим сурап, жазууну өчүрдү.
Урматтуу шаардыктар! Сиздерден муниципалдык менчикке зыян келтирбөөнү жана шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз. Ошондой эле вандализм КР Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесине ылайык жазаланарын эскертебиз.

«Мамлекет тарабынан коргоого алынган тарыхый, маданий же жаратылыш объектилерин жазуулар, чиймелер же башка ыкмалар менен мазактоо, ошондой эле транспортто же башка коомдук жайларда мүлккө зыян келтирүү- эсептик көрсөткүчтүн 200дөн 500гө чейинки өлчөмүндө айып салууга же алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же кырк сааттан жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга жазаланат".