Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасынын негизинде тирөөч мамыларды иретке келтирип, чапталган жарнамаларды тазалашууда.

Аталган башкармалыктын кызматкерлери эки жылдын ичинде шаардагы бардык мамыларды тазалап, сырдап, иретке келтирип келишкен. 

Бирок, убакыттын өтүшү менен мамыларда кайрадан ар кандай кулактандыруулар чапталып, алардын көрүнүшүн бузууда.

Урматтуу шаар тургундары! Жарнамалык брошюраларды жана жарнактарды тирөөч маамыларга чаптабаңыздар!