«Бишкексуучарба» муниципалдык ишканасы Ала-Арча дарыясын күчөтүлгөн кол жана механикалаштырылган тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Тазалоо – Ала-Арча дарыясынын жээгин көрктөндүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруудагы биринчи кадам.
Скрябин жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Ахунбаев көчөсүнө чейин иштер жүргүзүлүүдө. Белиглей кетсек, тазалоо иштери мэрдин орун басары Ж.Шамыралиевдин жетекчилиги алдында жүрүүдө.
Дарыянын жээгинде куурап калган бадалдарды жана бак-дарактарды кыюу, камыштарды жана башка отоо чөптөрдү чабуу иштери аткарылууда.
Белгилей кетсек, мындай иштер 10 жылдан бери биринчи жолу жүргүзүлүп жатат.
Урматтуу шаардыктар! Негизги каналдарга жана коллектордук-дренаждык тармактарга таштанды таштабоону, шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз.