Мына ушундай ыр менен бүгүн борбор калаадагы 100-мектептин жайкы эс алуу лагеринин балдары “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директорунун орун басары Роза Кайыковага жолугуп, лагердин жашоосундагы бир күндү көрсөтүштү.

Мектептин базасында 100 окуучуга ылайыкташкан 4 отряд ачылып, ар бир отряддын «Маанай», «Жайдары», «Шаттык», «Балалык» деген аталыштары бар.

Лагерде эртең менен иммундук системаны чыңдоо үчүн физикалык көнүгүүлөр менен башталат жана даамдуу эртең мененки тамак берилет.

Андан соң балдар сүрөт тартуу, спорт,  саймачылык жана театралдык ийримдерге барышат, лагерде командалар ортосунда ар кандай сынактар, экскурсиялар өткөрүлөт.

Балдар акыл оюндарын кантип ойноорун көрсөтүштү, ошондой эле пластилинден ар кандай жаныбарлардын фигурасын жасашты, хор менен ырдашты, жада калса мектеп директору менен сенсациялуу челленджди да тасмага тартышты.

Соңунда Роза Кайокова менен балдар быйыл жазда отургузулган дарактарды сугарып, өсүмдүктөрдүн жашообуздагы мааниси жана пайдасы тууралуу айтып беришти.

Мектеп лагери медицина кызматкерлерине жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлоруна бекитилип, мектеп коопсуздук кызматы тарабынан балдарды коргоо да каралган.

Мектептердин жайкы лагерлери КР Президентинин бир катар жарлыктарын ишке ашыруу максатында, ошондой эле борбор калаанын мэринин тапшырмасы менен уюштурулууда.

Белгилей кетсек, райондогу 7 билим берүү мекемесинде мектеп лагерлери уюштурулуп, жалпысынан 855 бала катышууда.