Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков администрациянын адистери жана Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Чүй проспектисинин боюндагы тротуардын капиталдык курулушу менен таанышты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө район башчысы муниципалдык аймакка кирген чарбалык объектилердин кирүү топторун карап чыгып, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын өкүлдөрүнө демонтаждоо иштерин тездетүүнү тапшырды.
Буга чейин чарбалык субъектилердин ээлерине ыктыярдуу түрдө демонтаждоо тууралуу эскертүүлөр берилип келген.
Эске салсак, Чүй проспектисин бойлой (түштүк тарабы) Осмонкул көчөсүнөн Гоголь көчөсүнө чейин 440 метр узундуктагы тротуарды капиталдык куруу иштери башталган.