Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу жана шаар куруу башкармалыгы райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен бирге жер  мунапысына туш келген объекттер  боюнча комиссиянын  ишин улантууда.

Биринчи май райондук комиссиясы тарабынан  2173 материал каралып, анын ичинен 90 арыз боюнча оң чечим кабыл алынып, 2072 материал шаар куруу корутундусун берүү маселесин кароо үчүн «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине жиберилген.

Биринчи май райондук комиссия иш баштагандан бери жалпысынан 2173 арыз каралып, анын ичинен 90 арыз боюнча оң чечим чыгарылып, 27 арыз боюнча баш тартылган, 82 арыз боюнча тиешелүү кызматтарга кошумча изилдөөгө жиберилип,  2072 материал шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине жөнөтүлгөн.

Свердлов райондук комиссиясы тарабынан 61 материал каралып, анын ичинен 8 арыз боюнча оң чечим кабыл алынды, 1 арызга баш тартылган, 29у шаар куруу корутундусун берүү маселесин кароо үчүн «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине жиберилген.

Свердлов райондук комиссиясынын  иши  баштагандан бери жалпысынан 2478 арыз каралып, анын ичинен 234 арыз боюнча оң чечим чыгарылып, 20 арыз боюнча баш тартылган, 368 арыз кийинкиге калтырылып, 1849 материал шаар куруу  корутундусун берүү маселесин кароо үчүн «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине жөнөтүлгөн.

Урматтуу шаардыктар, документтерди тапшыруу үчүн Туңгуч кичирайону, 57 дарегинде жайгашкан Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментине күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылсаңыздар болот.

Байланыш телефондору: 0312 979297, 0312 97 94 54.