Учурда жашыл көчөттөрдү сугаруу күнү-түнү уланып, сугатка атайын техникалар менен катарлаш арыктар менен сугаруу иштери да жүргүзүлүүдө.
Арык жолу менен жашыл көчөттөрдү сугаруу Манас, Ч.Айтматов, Чуйков, Шопоков, Шабдан-Баатыр, Ч.Валиханов ж.б көчөлөрүндө жүргүзүлүп жатат.
Мындан тышкары Манас-Бөкөнбаев, Турусбеков, Рыскулов, Жаш Гвардия бульвары, Жаштар аллеясы, Ю.Фучик атындагы сейил багы жана башка көчөлөрдө скважиналар иштеп жатат.
Атайын техниканын, арыктардын, насостордун жардамы менен сугаруу иштери төмөнкү сейил бактарда жүргүзүлөт: Д.Асанов, Ю.Фучик, Ч.Түлөбердиев, Эмгек даңкы, Тоголок-Молдо атындагы бакчаларда.
Жашыл аянттарды сугаруу үчүн атайын техникалардын жалпы саны бүгүнкү күндө 20 бирдикти түзөт.