Бишкектин Панфилов көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери аяктап жатат.
Фрунзе көчөсү менен Жибек- Жолу проспектине чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Ушундай эле жумуштар Орозбеков көчөсүндө Фрунзе көчөсүнөн Жибек- Жолу проспектине чейин жүргүзүлөт.
Бул объектиде бригада эски асфальтты алып, жол жээктерин орнотуп, мындан ары асфальттоо үчүн жолду даярдоо иштери жүргүзүүдө. 10 күндүн ичинде асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери башталат. Жолдун бөлүгүндөгү иштери аяктагандан кийин тротуарды оңдоо иштери башталат.