Октябрь районунда сууга түшүүчү жайларга барууда кырсыктарды алдын алуу, ошондой эле керектүү документтердин бар-жоктугун текшерүү максатында профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
Курамына акимчиликтин, Октябрь райондук ӨКМ, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана МАБдын кызматкерлери кирген комиссия бассейндерди текшерди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, айрым объектилерде куткаруучулардын, машыктыруучулардын күбөлүктөрү, сууда сүзүү эрежелеринин такталары жок болгон.
Аталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча актылар түзүлдү.
Ай сайын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери бассейндеги сууга лабораториялык текшерүү жүргүзүшөт, учурда одоно мыйзам бузуулар аныкталган эмес.
Мындан тышкары, Октябрь районунда “Бишкексууканал” башкармалыгы тарабынан 10дон ашык бассейнге ичүүчү сууну пайдаланууга убактылуу чектөө киргизилгендигин дагы маалымдайбыз.
Белгилей кетсек, ичүүчү сууга байланыштуу убактылуу чектөөлөр киргизилгенге чейин бассейндерге суу алдын ала толтурулган.
Ошондой эле, Бишкек шаарынын Свердлов районунда бассейндердин жетекчилиги жана кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Комиссиянын курамына акимчиликтин өкүлдөрү, МАБдын адистери, РИИБ, Свердлов райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери кирди.
Комиссия «Sun City», «Aquastars», «Карвен» аттуу 3 жеке бассейнди сууга түшүү мезгилине даярдыгын текшерди.
Рейддин жүрүшүндө бассейндердин администраторлоруна келүүчүлөргө сууда болуу эрежелери жана сууда сүзүү эрежелери жөнүндө маалымат берүү зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Урматтуу ата-энелер!
Борбор калаанын мэриясы сиздерден балдарыңыз менен каналдарга жана көлдөргө түшүүнүн зыяндуулугу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү өтүнөт. Жашы жете элек балдарды кароосуз калтырбаңыздар.