Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков Чыгыш автобекетинин жанындагы жер астындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктү текшерди.

Район башчысы өтмөктүн санитардык абалын, чыгыш автобекетинин жанындагы сугат лотокторунун курулушу менен таанышып, автобекеттин жетекчилиги менен да сүйлөштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө район башчысы «Бишкекасфальтсервис» МИна таштаман  төшөө иштерин жүргүзүүнү, «Бишкекжарык» МИна жер астындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктө күндүзгү жарыкты туташтыруу боюнча иштерди тез арада жүргүзүүнү, турак-жай иштери боюнча орун басарына жана коммуналдык чарбаларга жалпы тазалоо, ошондой эле тепкичтерди жана   жер өтмөктүн дубалдарын жууп тазалоо  боюнча иштерди уюштурууну тапшырды.

Мындан тышкары чыгыш автобекетине жанаша жайгашкан аймактын санитардык абалын күн сайын көзөмөлгө алып, ирригациялык түтүктөрдү курууну тездетүү тапшырылды.