Өкмөттүк акселераторлордун командасы Бишкекте алгачкы жыйынтыктарга жетишишти.
Министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлери “Кыргыз Республикасында электромобилдер үчүн электр чордондорун орнотууга уруксат алууну жөнөкөйлөтүү” долбоорунун алкагында жеринде унааны кубаттоого боло турган алгачкы түзүлгөн пункттар менен таанышышты.
Жыйынга президенттик аппараттын өкүлү, КР Экономика жана коммерция министринин орун басары, ошондой эле «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик ишканасынын башкы инженери жана башка кызматтар катышты.
Эки жеке компаниянын өкүлдөрү алгач Жукеев-Пудовкин көчөсүндө, андан соң борбор калаанын мэриясынын артындагы Киев көчөсүндөгү бүткөрүлгөн иштерди көрсөтүштү.
Бул тапшырманы ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги болуп саналат.
Белгилей кетсек, бөлүштүрүүчү компаниялар бул жабдууларды кабыл алып, эсептегич орнотуулары керек.
“Бишкекбашкыархитектура” электр унааларын кубаттоочу чордондорду жайгаштыруунун тармактык схемасын иштеп чыкты.
Жалпысынан чакырыктын бул этабында 30дан 60ка чейин электр кубаттоочу чордондорун орнотуу пландаштырылган.