Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров ушул күндөрү Циндао (КЭР) шаарында өтүп жаткан Элдик дипломатия жана ШКУнун боордош шаарларынын форумдарына катышты.
Форумдун жүрүшүндө мэр сөз сүйлөп, борбор калаанын мэриясы тарабынан аткарылып жаткан иштерге токтолду.
Ал өз сөзүндө мындай иш-чаралар Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында практикалык кызматташууну активдештирүүгө, анын потенциалын жана эл аралык беделин жогорулатууга түрткү берип жатканын белгиледи.
ШКУ өлкөлөрүнүн боордош шаарларынын негизги милдети – «Шанхай рухуна» негизделген тилектештикти, өз ара колдоону жана өнөктөштүктү бекемдөө.
«Бишкек шаарында Кытай өкмөтүнүн грантынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда. Быйыл биз долбоордун үчүнчү фазасын ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштадык. Бул этаптын алкагында бир нече ири транспорттук түйүндөрдү куруу пландалууда», - деди мэр.
Ошондой эле, форумдардын алкагында параллелдүү форумдар өткөрүлдү, аларга борбор калаанын муниципалитетинин делегациясынын мүчөлөрү ар түрдүү багыттар боюнча катышты.