«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жыл башынан тарта 577 жол белгисин орнотту.

Ошондой эле, ишкананын кызматкерлери асма жана тургузгучта жол белгилерин оңдоо, кайра орнотуу иштери жүргүзүлдү. “Коопсуз шаар” долбоорунун 2-этабына ылайык 125 белги орнотулду.

Шаардыктардын, борбор калаанын конокторунун, өзгөчө балдардын коопсуздугу үчүн 20 864,01 м2 жол сызыгы түшүрүлүп, 1 086 054 погон метр жол сызыктары ысык/муздак пластик менен «Коопсуз шаар» дордооруна ылайык 8 125 погон метрде жаңыртылды.

Исанов көчөсүнүн бойлой Жибек Жолу проспектисинен Баялинов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолдогу кемчиликтер жоюлду. Ошондой эле, Салиева-Ворошилов, Салиева-Будённый, Аламүдүн-1 дарыясы аркылуу өткөн Ауэзов көпүрөсү сыяктуу даректерде 417, 34 чарчы метр аянтта карточный оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Бишкек шаарынын ИИБнын жол көзөмөлдөө бөлүмүнө тиешелүү иш кагаздарынын келиши менен Орозбеков-Күрөңкеев, Лущихин-Крылов даректеринде  309м2 аянт  жасалма жол тосмолору орнотулду.