«Бишкексууканал»  өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынан билдиришкендей, Арча-Бешик жаңы конушуна ичүүчү суу белгилүү график боюнча берилет.

- 15-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин конуштун жогорку бөлүгү;
- 16-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин төмөнкү бөлүгү;
- 17-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин жогорку бөлүгү;
- 18-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин конуштун төмөнкү бөлүгү ж.б.

Суу ташуучулардын цистерналары күн сайын дезинфекцияланып, «Аэропорт» суу алгычынан ичүүчү сууга толтурулат. Ар бир автоцистернада ичүүчү суунун сапатын көзөмөлдөгөн химиялык-бактериологиялык лабораториянын корутундусу бар.

Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Жогорку Кеңешинин деңгээлинде "Башкара-Суу" суу алгычынын жанынан төрт жаңы скважинаны бургулоо үчүн жер тилкесин берүү маселеси чечилүүдө. Жаңы скважиналар кошумча ичүүчү суу ресурстарын берет. Бул скважиналарды бир жылдын ичинде бургулап, пайдаланууга беруу пландаштырылган.

Урматтуу суу колдонуучулар! Провокацияларга, ар кандай божомолдорго, имиштерге алдырбагыла. Ичүүчү суу боюнча абал оор, бирок Бишкек шаарынын мэриясы, «Бишкексууканал» ӨЭБнын  көзөмөлүндө. Ишенимдүү маалымат булактарына гана ишениңиздер.