Узундугу 740 погон метрди түзгөн Мидин Алыбаев көчөсүнүн Кривоносов көчөсүнөн Осмонов көчөсүнө чейинки бөлүгү «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан оңдолууда.

Алсак, тротуар куруу, ирригация системасын орнотуу жана жолду 7 метрге кеңейтүү пландалууда.

Учурда Осмонов көчөсүнөн  Крылов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө иштер жүрүп жатат. Көчөнүн бул бөлүгүндөгү эски асфальттарды кырып бүттүк, жашыл жерлерди сугаруу үчүн ирригациялык системаны орноттук, жол бордюрларын орнотуп, тротуарды иретке келтирип баштадык.

Ошол эле учурда «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы эскилиги жеткен суу түтүктөрүн алмаштырууда. Бул көчөдө жалпысынан 375 погон метр суу түтүктөрү алмаштырылат.