Бишкекте 3 даректе жөө адамдар өтүүчү проекциясы пайда болду.

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдорго проекция орнотушту.

Алсак, шаарда Лев Толстой, Ахунбаев көчөлөрүндө Ботаникалык бактын жанында, Токтоналиев көчөсүндө  "Ынтымак-1" жана "Ынтымак-2"парктарынын ортосунда проекция орнотулду.

Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдогу проекция - бул абдан ыңгайлуу жана  кечинде гана жандырылат. Бул технологиянын аркасында жөө жүргүнчүлөр үчүн жол  100-150 метр алыстыкта  байкалып, көңүлдү өзүнө бурат.