Борбор калаанын мэринин тапшырмасы менен “Тазалык” муниципалдык ишканасы урналарды жасады.
Бул урналар Манас проспектиси, Ж.Абдрахманов көчөсүнө, андан ары башка көчөлөргө, сейил бактарга орнотулат.
Жаңы урналар мурункуларына караганда эки эсе чоң жана жеңил.
Жалпысынан 500 даана ушундай урналарды жасоо пландалууда.
Урматтуу шаар тургундары! Борбор калаанын мэриясы таштандыларды таштанды челектерге жана урналарга таштоого, муниципалдык менчикке зыян келтирбөөгө жана шаардык чарба кызматкерлеринин эмгегин сыйлоого чакырат.