Бош кызмат орундарына өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы жана конкурстук комиссиянын чечими менен Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин түзүмдүк бөлүмдөрүнө  жетекчилер дайындалды.

- Аманкулов Кубанбек Качкынович -  өспүрүмдөр спорт мектебинин директорунун шахмат боюнча орун басары болуп дайындалды;

- Чалов Базарбек Иткараевич - Бильярд жана велоспорт боюнча олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору болду;

- Р.Санатбаев атындагы олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору болуп  Жолчубеков Каныбек Байбекович дайындалды;

- Иван Викторович Сергиенко - теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрлөрү боюнча спорт мектебинин директору болуп дайындалды;

- Күрөш өнөрү боюнча олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору Абдурасулов Азамат Абдурасулович болду.

- Эсеналиев Куваныч Аманбаевич -  Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин алдындагы «Газпром балдар үчүн спорттук эс алуу комплекси» муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды.