Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин жана башкармалыктын начальниги Уран Мусаевдин катышуусунда Манас проспектисинин боюндагы   өз билемдик менен курулган объектилерди бузуу иштерин улантууда.

Башкармалыктын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте жеринде иш алып барышууда.

Иштин жүрүшүндө жалпы аянты 15 чарчы метрди түзгөн кире бериш топтор жана бастырма алынды.

Эске салсак, буга чейин Манас проспектисинин бойлой Биринчи май району тарабынан 20дан ашык мыйзамсыз орнотулган объекттер демонтаждалган.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Өзүңүздүн объекттериңизди талапка ылайык келтирүүнү, ошондой эле муниципалдык аймакты өзүм билемдик менен ээлебөөнү суранабыз.