Июнь айынын башынан тарта борбордо мектеп лагерлери иштей баштады.
Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов Ак-Босого конушунун №27 жана №101 мектептериндеги лагердин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Белгилей кетсек, ар бир күн мүнөт менен белгиленген, балдар үчүн ар кандай ийримдер, дене тарбия, бий, ыр жана башка көптөгөн нерселер уюштурулат.
Мындан сырткары мектеп алдындагы лагерлер арасында спартакиада өткөрүлөт.
Башкача айтканда, балдар тажабайт.
Белгилей кетсек, лагерлер 2023-жылдын 5-июнунан 30-июнуна чейин иштейт, мектеп лагерлери 8:00дөн 14:00гө чейин иштеп, 1000ге жакын окуучуну камтыйт.
Ар бир мектеп лагерине медициналык кызматкер, борбордун ички иштер башкы башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору бекитилип, балдарды коргоо мектеп коопсуздук кызматы тарабынан да камсыздалат.
Биринчи кезекте калктын социалдык жактан аялуу катмарынын балдары (жетим балдар, жакыр балдар, көп балалуу үй-бүлөлөр ж.б.), турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар, ошондой эле окуунун отличниктери, спорттук жана башка мелдештердин жеңүүчүлөрү кирет.