Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкек суу чарба” муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк иштердин планына ылайык, шаардын кургак жана суусу аз аймактарын мындан ары сугат суу менен камсыз кылуу үчүн шаарга жаңы 6 скважина куруп, бургулоо пландалууда.

Алсак, Профсоюз-Нарвская, Л.Толстой-Логвиненко, Жайыл-Баатыр-Чортеков, Ахунбаев-Көк-Жаңгак, Ауэзов-Анкара көчөлөрүнө, Театр гүл бакчасына  6 жаңы скважинаны бургулоо пландалып жатат.

Учурда Профсоюз көчөсүндө жаңы скважинаны бургулоо иштери башталды, анын тереңдиги 120 метр, кубаттуулугу секундасына 65 метр куб сууну, бул секундасына 17 литрди түзөт.

Бул скважинанын  аркасында Профсоюз көчөсү жолдун эки тарабы толугу менен сугарылат.

Бул багыттагы иштер «Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан улантылат.