Борбор калаанын мэриясында балдар үчүн Ачык эшиктер күнү өттү.

Балдарды борбор калаанын мэринин орун басары  Виктория Мозгачева тосуп алды. Ал мэриянын имараты менен тааныштырып, жаш бишкектиктер менен баарлашып, Бишкек мэриясынын ишмердүүлүгүнө токтолду.

Жолугушуунун соңунда конокторго символикалык белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, балдар үчүн ачык эшик күнү бүгүн көптөгөн мамлекеттик жана муниципалдык органдарда өткөрүлүүдө.

Маалымдама: 12- июнь дүйнө жүзү боюнча балдардын эмгегин экспулатациялоого каршы күн катары белгиленип келет.