“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жол чийиндерин жаңылоодо.

Аталган бригада  А.Токомбаев көчөсүн бойлой Чортеков көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин жана Масалиев көчөсү менен Байтик Баатыр көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки түз жана үзүк-сызыктардын боёгун жаңылоо иштерин жүргүзүүдө.

Ушундай эле жумуштар А.Токомбаев көчөсү менен Чортеков көчөсүнөн Манас проспектисине чейин, Фучик көчөсү менен Аска-Таш көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин жана Профсоюз көчөсү менен Фучик көчөсүнөн П.Лумумба көчөсүнө чейин бүткөрүлдү.

Шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун ыңгайлуулугу үчүн Щербаков көчөсүн бойлой М.Ганди көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейин жана Токомбаев – Шералиев, Токомбаев – Кара-Кужур, Токомбаев – Репин көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү жол чийиндерин жаңылап жатабыз.

Ошондой эле, оңдоп-түзөөдөн кийин Сыдыков көчөсүнө, Кой-Таш чолок көчөсүнө, Пархоменко көчөсүнө жана Новгородская көчөсүнө жол сызыктары чийилди.

Ч. Валиханов көчөсүн бойлой ИИМ Академиясынын маңдайына добуш чыгарган чийиндер (шумовые полосы) тартылды.