Борбор калаада Алтымышев жана Тыныбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жаңы аянт ачылды.

Аянттын ачылышы шаардыктардын, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Айбек Ашимовдун, Ленин районунун акими Муратала Тагаевдин жана капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басарынын катышуусунда өттү.

Чакырылган коноктор балдарды жана шаар тургундарын заманбап, көп функционалдуу аянтчанын ачылышы менен куттуктап, жаңы аянтчадагы тартип, ошондой эле жабдуулардын абалы тургундардын кылдат жана камкор мамилесинен көз каранды экенин белгилешти.

Жаңы аянт волейбол жана баскетбол аянтчалары, балдар аянтчасы, воркаут зонасы, шахмат столу менен жабдылган. Аянтчанын периметри боюнча ирригациялык система жана жарыктандыруу орнотулуп, аянтка брусчатка төшөлүп, спектаклдер үчүн аянтча орнотулуп, бак-дарактар отургузулган. Аянттын жалпы аянты 0,972 гектарды түзөт.

Бүгүнкү күндө аянттын аймагын көрктөндүрүү боюнча бардык курулуш-монтаждоо иштери бүткөрүлүп, объектти кабыл алуу жана эксплуатациялоочу уюмдун балансына өткөрүү боюнча документтер түзүлүүдө.

Курулуш иштерин «БМ Ассист» ЖЧК подряддык уюму жүргүзгөн.