Жарыяланган жалпы  ишембиликтин алкагында бардык райондордо массалык ишембилик өткөрүлдү.

Ишембиликке 34333 миң адам катышты.

Биринчи май районунда ишембиликтин жыйынтыгында 80 тонна таштанды чыгарылды.

Свердлов районунда 62 тонна, Октябрь районунда 83 тонна, Ленин районунун аймагында 65 тонна таштанды жыйналган.

М.Ганди проспектиси менен К.Баялинов көчөсүнүн кесилишиндеги сейил бакта мэриянын борбордук аппаратынын кызматкерлери тарабынан ишембилик өткөрүлдү.

Ишембиликке шаардын төрт районунда тең райондордун тургундары, муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери, бардык райондук кызматтардын кызматкерлери, жогорку окуу жайлардын студенттери, ошондой эле мекеме-ишканалардын жана чарбалык субъектилердин өкүлдөрү активдүү катышты.

Ишембиликтин бардык катышуучуларына терең ыраазычылык билдиребиз!