Мэрияда USAIDдин миссиясынын делегациясы мэрдин биринчи орун басары   Мирланбек Байгончоков   менен жолугушту.

Жолугушууга USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директорунун орун басары жана Программалык кеңсенин директору  Эндрю Мэйбрук, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы Экономикалык кеңсесинин долбоорлорду башкаруу боюнча адиси Заур Бостанов, JSI INC компаниясынын Кыргыз Республикасындагы расмий өкүлү Айнура Ибраимова катышты.

Тараптар ниет меморандумуна кол коюшуп, “Азиянын туруктуу шаарлары” долбоорун ишке ашыруу пландарын талкуулашты. Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары да кызматташуу үчүн бири-бирине ыраазычылык билдиришти.

USAID тарабынан каржыланган Азиянын туруктуу шаарлары (ARC) Азиянын туруктуу шаарлары (ARC) долбоору Азиянын бир катар шаарларынын татаал өнүгүү маселелерин чечүүгө багытталган. Бул үчүн шаардын туруктуу өсүшүнө көмөктөшүү, туруктуу аз көмүртектүү шаардык инфраструктураны колдоо жана климаттын өзгөрүү маселелерине жана экологиялык аң-сезимдүү мамилелерге көңүл буруу пландаштырылууда.

Долбоордун максаттары – бул туруктуу инфраструктуранын жана кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу; экономикалык өсүшкө көмөктөшүү; климаттын өзгөрүшүнө жана айлана-чөйрөгө каршы күрөшүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.