Семинарда кызматкерлер мамлекеттик тилди өнүктүрүү Улуттук программасын өздөрүнүн мекемесинде натыйжалуу ишке ашыруу боюнча долбоорлорду түзүштү.
Катышуучуларга иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча электрондук материалдар, “Кыргызтесттин” талаптары А1, А2, В1,В2,С1” китебинин, “Юридикалык атоолордун жана башка түшүнүктөрдүн орусча-кыргызча сөздүгүнүн” электрондук варианттары жана “Орусча-кыргызча сүйлөшмө” китепчелери берилди.