Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин, ошондой эле Октябрь акимиатынын демилгеси менен балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ачык эс алуусу уюштурулуп, ага кохлеардык имплант орнотулган балдар катышты.
Иш-чарага балдар, ата-энелер, «Уккум Келет» коомдук кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, Октябрь районунун жетекчиси жана орун басары активдүү катышышты.
Майрам Көк-Жар айылында Hyde Park эс алуу борборунда өттү.
Балдар үчүн түшкү тамак уюштурулуп, зоопарктагы жаныбарлар көрсөтүлүп, пони жана аттарга минүү уюштурушту.
Мындан тышкары, кызыктуу флешмоб өткөрүлдү.
Катышуучулар майрамдан чоң энергия жана ырахат алышты. Майрамдын аягында балдарга таттуулар таратылып, сүрөткө түшүштү.