Бишкек шаардык кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаттарынын демилгеси менен борбор калаада көчмө жыйын өттү.

Ага Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов, Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын, Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин, «Бишкекбашкыахитектура» МИ, «Бишкекжашылчарба» ишканасынын жана №12 МАБдын өкүлдөрү катышты.

Күн тартибинде Түгөлбай-Ата көчөсүнө Раззаков менен Орозбеков көчөлөрүнүн аралыгында, ошондой эле Түгөлбай-Ата жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде эки гүлбакча уюштуруу маселеси каралды.

Катышуучулар жарандардын эс алуу жайларын куруу үчүн муниципалдык жер тилкелеринин аймагына деталдуу талдоо жүргүзүүнү чечишти.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун Биринчи май районунун тургундары менен жолугушуусунун алкагында, аким М.Сазыкулов райондун көчөлөрүн кезектеги кыдырууну өткөрдү.

Бөкөнбаев көчөсүнөн баштап Л.Толстой көчөсүнө чейинки Логвиненко көчөсүнүн  узундугу 470 метрге жакын тротуардын курулушун текшерди, андан кийин Логвиненко көчөсүндөгү №6 «Бублик» дүкөнүнүн кире бериш тобун орнотуунун мыйзамдуулугун,  Логвиненко көчөсүнүн 8/2 батыш тарабындагы жана Т.Молдо 1а  дарегиндеги жер тилкелеринин ээсин жана чегин аныктоо,  Горький көчөсүнөн баштап Медеров көчөсүнө чейинки  аралыктагы суу түтүктөрүн алмаштыруу үчүн чыгым сметасын түзүү,  Логвиненко жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа май куючу бекеттин (заправка) мыйзамдуулугун аныктоо боюнча тапшырмалар берилди .

Кыдыруунун жыйынтыгында протоколдук тапшырмалар берилет жана райондук кызматтарга жөнөтүлөт.