Алматы технологиялык университетинин (АТУ) студенттеринен турган делегация Биринчи май районунун администрациясында болду.
Делегаттарды аппарат жетекчиси Медет Кубатбеков тосуп алды.
Студенттер администрациянын күнүмдүк турмушу менен таанышып, ар бир бөлүмдүн кызматкерлери өздөрүнүн иш күндөрү тууралуу айтып беришти.
Ошондой эле, имараттын фойесинде балдарга Кыргызстандын тарыхынын жана көрүнүктүү инсандарынын архивдик сүрөттөрү камтылган көркөм галерея көрсөтүлдү.
Соңунда студенттер акимиатка баруу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.
Белгилей кетсек, Алматы технологиялык университетинин (АТУ) студенттери академиялык мобилдүүлүк боюнча Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин (КЭУ НРУ) илимий-изилдөө университетине стажировкадан өтүү үчүн келишкен. Бул программанын алкагында студенттер ар кандай уюмдарга таанышуу сапарларын жасашат.