Свердлов районунда Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чаралар уюштурулду.

Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Свердлов райондук бөлүмүнүн жана муниципалдык администрациянын экономика жана финансы бөлүмүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, өлкөнүн социалдык өнүгүүсүнө кошкон зор салымын белгиледи.

Көп жылдык ак ниет эмгеги жана кесипкөйлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Свердлов райондук башкармалыгынын башчысы муниципалдык администрациянын күмүш төш белгиси менен сыйланды.